Митингге чыккандар депутаттардын эл алдына чыгышын талап кылып кыйкырышууда





Бүгүн, 26-январда үйлөрдү бир суткага ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамга каршы чыккан "Кичи мейманкана бизнеси" ассоциациясынын өкүлдөрү Ак үйдүн алдында тынч митингин улантышууда. Алардын эң башкы талабы - мыйзамды кабыл алган депутаттардын эл алдына чыгуусу. Митингчилерге эч ким чыкпагандыктан, баары бир ооздон бир нече депутаттын фамилияларынан кыйкырып чакырып жатышат.
"Рыспеков, Бабанов, Карамушкина! Бизге иштөөгө мүмкүнчүлүк бергиле, элдин үнүн уккула!" - дешүүдө катышуучулар.
Алардын айтымында, митинг бийлик өкүлдөрү чыкмайынча улана берет.
Митингчилер депутаттардын эл алдына чыгышын айтып кыйкырышууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Мейманканага бергендер демек озунун уй жайы бар ага кошумча батирлерди ижарага берип жат