super.kg logo

Дарыгерлерге маалымат берүүгө тыюу салган көрсөтмө жокко чыгарылды

 
Талантбек Батыралиев

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кечээ, 25-январда дарыгерлерге маалымат берүүгө тыюу салган көрсөтмөнү жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз катчысы билдирди.

Эскерте кетсек, 17-январда медицина кызматкерлерине маалымат берүүгө тыюу салган №29-көрсөтмө чыккан. Министр ал документте тактык сакталбаганын айткан.

"Бул документ башынан эле так жазылган эмес. Анда бул көрсөтмө авиакырсык тууралуу маалымат берүү маселелерге гана тиешелүү экени көрсөтүлбөй калган", - деген министр.

Анын айтымында, бул көрсөтмө авиакырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу так маалымат берилүүсү үчүн чыгарылган.

Көрсөтмө жарыяланган соң коомчулук менен айрым укук коргоочулар дарыгерлердин сөз эркиндиги буулуп жатканын айтышып, сотко берүү менен коркутушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: