super.kg logo

Лицензиясы жок 56 жаштагы аялга операция жасаган табып дагы да дарылоо менен алектенип жатканы айтылды

 

2016-жылы 5-июлда Жалал-Абад облусунун 56 жаштагы тургуну, А.Г.А. аттуу аялга уруксаты жок операция жасаган табып азыр да дарылоо менен алек болуп жатканын Жогорку Кеңештеги жыйында депутат Ирина Карамушкина айтты.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Көк-Жар турак жайындагы Ак-Босого көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде А.Г.А. табып Хашим Зайналиевдин дарылоосунан өтүп жаткан. Операция жасалып жатканда жерине барган "Тез жардам" кызматкерлери бейтаптын төшү кесилип, ал каза болгонун билдиришкен.

Бүгүн, 26-январда депутат ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдон табыпка кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу суроо берди. К.Асанов жогорудагы факт боюнча иш сотко жиберилгенин, бирок жабыр тарткандардан арыз түшпөгөнүн билдирди.

Белгилесек, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, табып лицензиясыз иштегени, анын эч кандай медициналык билими жок экени аныкталып, материалдар укук коргоо органдарына берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
26.01.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын ушундайларга эч эле ишене албайм
26.01.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашим дагы бирону олтуруп койбосун ал Арванда жаны ишин баштаганда больнойлордун баарын скорый келип больницага алып кетишет эле бул чындык!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: