super.kg logo

Ош шаарында "бөтөлкөлөшүн башка чаап өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды

 

Ош шаарында адам өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-январь күнү эртең менен Ош шаарындагы №5-үй менен №7-үйдүн ортосунан киши колдуу болуп өлгөн жарандын жансыз денеси табылган. Анын баш сөөгү жабыркап, кулагынан жана мурдунан кан куюлуп кеткен. Маркумдун туугандарынын айтымында, жумуш издейм деп үйдөн чыгып кеткенине бир жумадай болгон.

Бул кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган Ж.Б. 25-январь күнү Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал өз түшүндүрмөсүндө арак ичип отурушуп уруша кетишкенин жана аны бөтөлкө менен башка чапканын айткан.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.01.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүң жасаган иш, өз башыңа муш ....
26.01.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колун мн кылганды мойнун мн тартасын
26.01.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Точнасын билбей туруп айтпаш керек балким бул бечараны ментер эле уруп тееп мойнуна алдырып койгондур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: