super.kg logo

Дарыгер: "Авиакырсыкта стресске кабылган тургундун багыттама кагазы жок болгондуктан, ооруканага 1600 сом төлөп жатты"

 

Психоневрологиялык ооруканага кайрылган Мирлан Токоевге кечки саат 16:00дө бейтаптын оорусунун өнүгүшү тууралуу маалымат толтурулуп жаткырылган. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталына аталган оорукананын уюштуруу иштери боюнча директорунун орун басары Сабира Мусабаева билдирди.

"Мирлан Токоев аттуу бейтап бизге кайрылып, дарыгер менен сүйлөшүптүр. Ага атайын төлөмдөр бар экенин, 20 күнгө 1600 сом төлөө керектигин дарыгерлер айтса, ал "акчам жок" деп кетип калыптыр. Андан соң түштөн кийин менин иш бөлмөмө келген. Мен жатууга уруксат бергем. Атайын багыттама кагаз алып келсе, 300 сомдой акча төлөнөрүн айткам, бирок ага да макул болбой кетип калды. Саат 16:00дөрдө Биринчи балдар хосписинде иштеген кыздар менен келип, алар оорукананын акысын төлөп жаткырып кетишти", - деди Мусабаева.

Маалыматка ылайык, учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык. Ал дагы 10 күнгө жакын ооруканада дарыланып, андан соң үйүнө чыгарылмакчы.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына байланышканыбызда, авиакырсыктан жабыркагандар акысыз дарылансын деген буйрук болгонун айтышты. Ал эми бейтаптын акы төлөгөнү боюнча маселени карап чыгуу оорукананын жетекчилигине айтылганын кошумчалады басма сөз катчы.

"Буга чейин мейманканада өзүн "авиакырсыктан жабырлануучумун" деп тааныштырып жатып алган тургундун окуясынан кийин бизде да чочулоо пайда болгон. Бизге милиция кызматкерлери келип текшерип кетишкен. Мындан улам дарыгерлер мародёр эмеспи деп кооптонушкан", - деп кошумчалады Мусабаева.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарындагы психоневрологиялык оорукана Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын жашоочусун 8 саат бою күттүрүп кабыл алганын жубайы Гүлбарчын Жумабекова билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.01.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жон эле дарылап койсо болотда эми бир кишини
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: