super.kg logo
  Саясат  

Министр эмнеге дарыгерлердин журналисттерге маалымат берүүсүнө тыюу салып, анан уруксат бергенин түшүндүрдү

 

“Медицина мекемелерине ММКларга маалымат берүүдө Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы менен байланышып чыгаргыла" деген буйругуңузду эмнеге артка чакыртып алдыңыз? Феликс Куловдун же Өмүрбек Текебаевдин айткандарынан коркуп кеттиңизби?” - деп Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге суроо берди.

Батыралиев бул суроого төмөнкүдөй жооп берди:

“16-январдагы авиакырсыкта ар кайсы жакта ар кандай маалыматтар тарап кетти. Бир жерде "30 адам каза болду" деп жазылса, экинчисинде 9 киши көз жумганы айтылды. Кырсыктын себептерин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия маалыматты ким таратып жатат дегенден кийин буйрук чыгарганбыз. Мындай чектөө “Манас” аэропортунун жанына кулаган учак кырсыгына гана тиешелүү болгон. Эми ал кырсыктан кийин ал буйруктун кереги жок”.

Ошондой эле ал журналисттерге күнү-түнү маалымат берип жатканын айтты.

Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы дарыгерлерге массалык маалымат каражаттарына комментарий берүүгө жана жумуш учурунда социалдык тармактарды колдонууга тыюу салган буйрукка кол койгону айтылган. Кечээ, 25-январда министр Батыралиев дарыгерлерге маалымат берүүгө тыюу салган буйрукту жокко чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: