Талантбек Батыралиев: "Кыргыз жеринде талаптарга жооп берген бир дагы төрөт кабыл алуу бөлүмү жок"
Кыргыз жеринде талаптарга жооп берген бир дагы төрөт бөлүмү жок. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.
"Төрөт үйлөрүндөгү бул бөлүмгө жакшы шарттарды түзүп берүү керек. Бул маселе Саламаттыкты сактоо министрлигине гана тиешелүү эмес. Бир канча мекемелерге тийиштүү", - дейт министр.
КСДП фракциясынан депутат Альфия Самигуллина министрге "Өлкөдөгү төрөт кабыл алуу бөлүмдөрү талапка жооп беришеби?" деген суроо берген.
Эске салсак, бүгүн, 26-январда парламентте социалдык маселелер боюнча өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:13
2025-11-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















