super.kg logo

Митингчилер депутат Кожобек Рыспаев менен тил табыша албай, тарап кетишти

 

Бүгүн, 26-январда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта батирлерди бир нече саатка же суткага мейманкана иретинде ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамга каршы жарандар тынч митингге чыгышкан. Митингчилер Ак үйгө чейин келип, депутаттардын эл менен жолугуп, элдин жогоруда аталган мыйзам боюнча ой-пикирин угууну талап кылышкан. Бир нече саат күтүшкөн соң алар менен жолугушууга депутат Кожобек Рыспаев чыгып, ойлорун уккан. Бул тууралуу SUPER.KG`ге митингдин уюштуруучуларынын бири Бекчоро Аламанов билдирди:

"Кожобек Рыспаев биз менен жолугууга чыкты, бирок бир чечимге келе алган жокпуз. Мыйзамда 3 күн же андан көпкө чейин ижарага берилсе болот, 1 же 2 күнгө чейин болбойт деп жазылган. Ал эми бизге алыскы аймактардан дарыланганы, спортчулар, туристтер келишет. Анан аларга 3 күндөй жашайсың деп кантип айтабыз? Кыскасы, түшүнүксүз мыйзам кабыл алынган. Өзгөртүү киргизүү боюнча сунушубузду уккулары жок. Эми кандай кыларыбыз белгисиз".

Эскерте кетсек, батирлерди сааттык жана суткалык мейманкана катары берүүгө тыюу салган мыйзамга каршы Каракол шаарынын тургундары да чыгышкан.

Мыйзамды бузган жарандарга 7 миң, кызмат адамдарына 9 миң, юридикалык жактарга 70 миң сомго чейинки өлчөмдө айып салынат. Ошондой эле мыйзамда ички иштер органдары көрсөтүлгөн администрациялык укук бузуулар боюнча иштерди карап, администрациялык айыптарды төлөтүүсү каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: