super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Балыкчы шаарынын кире беришиндеги флагштокто желектин дайыны жок" дейт окурман

 

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын кире беришиндеги флагшток желексиз турганын бүгүн, 26-январда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Желекти көтөрүү салтанатына мэр өзү да катышкан болчу. Андан кийин бир нече жолу алмашты. Эми минтип желексиз турат. Жаңы желек илинеби же флагшток өзү тура береби?" - деген суроо салды окурман.

Эскерте кетсек, мындан бир нече ай мурун флагштокто айрылган желек илинип турганын жергиликтүү тургундар билдиришкен.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.01.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Копчулугубуз билгендей Балыкчы шаарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы аябай чон болот. Себеби шаардын батыш тарабында Боом капчыгайы бар эмесби. Мен озум коруп, байкоом менен айтсам флагшток Боом капчыгайынын ооз- мандайында жайгашкандыктан желек бат-баттан эле шамалга жыртылып калууда. Флагштокду шаардын башка жагына орнотушса жана флагштоктун учурдагы ордуна башка варианттарды ойлонуштурса болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: