super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Маданиятыбызга, тилибизге, тарыхыбызга, болуп жаткан ааламдашууга төп келе турган идеология иштеп чыгышыбыз керек"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Идеология" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Биз, кыргыздар, чынын айтканда, ээрчимебиз. Орус келсе орусту туурап, башкасы келсе аны. Болгону ар кимибиздин жүрөгүбүздө мекенге деген сүйүү, патриоттук сезим болушу керек. Анан жөн эле ар кандай улуттук символдорду коюу менен патриоттукту даңазалай албайбыз. Символду дагы барктай билишибиз керек".

"Чындап эле ээрчимебиз. Мисалы, орустар бизге көчүп келгенден кийин алар орус тилин бербей сүйлөп келе жатышат, а биз орусчага өтүп кеттик. Кайсы улут болбосун, Кыргыз өлкөсүндө жашаган соң кыргызча сүйлөөсү абзел. Биз өзүбүз башка тилге өтүп кетип жатсак, кыргызча ким сүйлөйт?"

"Улутчулдукту күчөтүшүбүз керек, эгер улутубузду, мамлекетти ойлосок, улутту коргоп, улутту сактап калышыбыз керек. Бирок улутчул десе тирания кылып, аскердик конфликттерине катышпай, тынч өлкө болушубуз керек. Мисалы, кай жерге барсак да, чөнтөгүбүздү эмес, улутту, кыргызды ойлоп иш кылышыбыз керек".

"Ооба, идеологиябызды жаңыртуубуз керек, баары биздин колубузда. Бул өз келечегибиз үчүн, жаңы муун үчүн, жаңы формация үчүн, жөнөкөй эле кыргыз атуулу үчүн керек. Идеологияны өзүбүздүн шартыбызга, өзүбүздүн маданиятыбызга, тилибизге, тарыхыбызга, жадакалса болуп жаткан ааламдашууга төп келе тургандай кылып иштеп чыгышыбыз керек".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.01.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
26 жылдан бери иштеп чыгып жатабыз идеологияны...
26.01.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздай улутчул калк жок дуйнодо ээ туугандар (менин жеке ойум)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: