Чоң-Алай районунда эки жолу жер титиреди
Чоң-Алай районунда эки жолу жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 26-январь күнү саат 12:00 чамасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынын түштүк тарабында 8 чакырым аралыкта орун алган. Ал эми 27-январга караган түнү саат 01:55те ошол эле аймакта күчү 3 баллга жеткен жер титирөө кайрадан кайталанган. Катталган эки жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.