super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-ЯНВАРЬ: 197 жыл мурун Антарктида материги ачылган

 

Мындан 197 жыл мурун, 1820-жылы 27-январда Антарктида материги ачылган. 1819-жылдын июль айында Орусиянын Кронштадт шаарынан орустардын алгачкы антарктикалык экспедициясы башталган. Анын башчысы болуп капитан Фаддей Беллинсгаузен дайындалган. Ал "Восток" кемесин башкарган. Ал эми Михаил Лазарев "Мирный" кемесине капитандык кылган. Тажрыйбалуу деңиз саякатчыларына Түштүк уюлга болушунча жакындап, жолдогу белгисиз жерлерди ачуу тапшырмасы берилген. Деңиз саякаты 750 күнгө уланып, түштүк деңиздериндеги 28 арал ачылган. Ф.Беллинсгаузен жаңы континентти ачкандыгына ынануу үчүн кургактыкка чыгууга аракет кылган. Кемелер материкти толугу менен кыдырып, бирок жээкке жете алышкан эмес.

27-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: