super.kg logo

Жалал-Абад мэриясы: "Жеңиш" сейил багында күзөт кызматы бар, бирок ар бир адамдын артынан жүрүү кыйын"

 
Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" комплекси

Жалал-Абад шаарындагы "Жеңиш" сейил багынын күзөт кызматы аймакты көзөмөлдөп турарын SUPER.KG порталына аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-январда "Элдик кабар" бөлүмүнө "Жеңиш" сейил багындагы айкелдин үстүнө жаш балдардын чыгып алган сүрөтү жарыяланып, окурман "Мындай сүрөттөр көнүмүш болуп калдыбы?" деген суроо салган болчу.

"Сейил бактагы айкел жакында эле орнотулган. Ал жакта тартипти көзөмөлдөөчү күзөт кызматы, тазалык кызматкерлери да бар, бирок ар бир кирген адамдын артынан жүрүш кыйын. Буга чейин мындай окуя катталган эмес", - дейт мэриянын басма сөз катчысы.

Ал эми сүрөттү жарыялаган социалдык тармактын колдонуучусу "ал кезде кичинекей болчубуз" деп, сүрөттү баракчасынан өчүрүп койду.

Белгилей кетсек, мындай окуя биринчи жолу жарыяланган жок. Былтыр ушул эле рубрикага "Рух-Ордо" комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун эстелигине отуруп түшкөн кыздын сүрөтү жарыяланган. Анда сүрөттөгү кыздын курбусу редакциябызга байланышып, кечирим сурап, сүрөт өчүрүлгөнүн билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: