Конституциялык палатанын судьялыгына көрсөтүлгөн 6 талапкерди ЖКнын тийиштүү комитети жактырды
Жогорку Кеңештин Сот укуктук маселелер боюнча комитети бүгүн, 29-апрелде Конституциялык палатанын судьялыгына сунушталган 6 талапкерди жактырды. Президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Молдалиев талапкерлер менен тааныштырды. Алар Чынара Айдарбекова, Жумадил Макешев, Айсалкын Нарынбекова, Жедигер Саалаев, Чолпон Осмонова жана Нурлан Садыков.
Молдалиев сунушталган талапкерлер боюнча маселени тезирээк карап берүүнү депутаттардан өтүндү. Жыйынтыгында депутаттар бардык талапкерлерди жактырып, аларды палатанын кароосуна жиберүү чечимин кабыл алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

