super.kg logo

Депутат нааразы. "Миллиондогон карыз алынып жатат - пайда жок"

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 27-январдагы жыйынында өкмөт мүчөлөрү Кыргыз өлкөсү 25 жыл ичинде алган насыялар жана гранттар боюнча маалымат беришүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө депутат Автандил Кулбараков карызга алынган акча каражаттары натыйжасыз пайдаланылып жатканына нааразычылыгын билдирди. "Өкмөт берген маалыматта 3 миллион евро жаштарга деп бөлүнүптүр. Эмне иштер аткарылды?" - деп сурады Кулбараков. Каржы министри Адылбек Касымалиев бул суроого жооп бере албады.

Андан соң Кулбараков төмөнкүдөй суроо менен кайрылды: "2 миллион евро кургак учук оорусун дарылай турган оорукана куруу үчүн бөлүнүптүр. Бул оорукана курулдубу?" Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев аталган оорукананын курулушу баштала электигин айтты.

"5 миллион доллар "Ала-Арча" улуттук сейил багында кичи ГЭСти курууга бөлүнгөн деп жазылып турат. Бул кичи ГЭС салындыбы?" - деп сурады депутат. Улуттук энергохолдингдин өкүлү бул карыз боюнча маалыматы жок экенин айтты.

Депутат Кулбараков өкмөт мүчөлөрүнүн жоопторуна нааразы болду. "Миллиондогон карыз алынып жатат - пайда жок. Жумгалда балдар 13 чакырым алыстагы мектепке барып окушат. Учурда карышкырлар көбөйгөн. Балдарга коркунучтуу. Жумгалда бир мектепти курууга 20 миң доллар жетишет. Ушул жерге мектеп салып берсеңер болмок. Карызга алынган акчага туура мамиле кылыш керек", - деди өкмөткө депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
27.01.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чынында аябай окунучтуу келечектеги жаш муундарга олчойтуп карызды ташап кетебизби
27.01.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми эстерине келгенине тан калдым .
27.01.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эч эч алдыга жылуу жок. Эмне үчүн карызга алынган акча ордун табалбай жатканын текшерген киши жок ? Баары тили кызык, колу кир. Ошол себептен бири бирин текшере алышпайт.
Кудай буйруса адилеттүү президент келип, баарын ордуна койгондо жакшы болот. Бирок адилеттүү президентти, адилеттүү эл шайлайт. Ар ким өзүнө окшогонун шайлайт. Кыргыз элибиз өзүбүз келечегибизге кош көңүл болуп, ар кимди эл башчы кылып жатабыз. Эптеп бийликке жетсек болду, калганы уруп ойнобойт.
27.01.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
болсоң, мен таза болсом, коом таза болот дегендей келечекке жакшы президентти шайлап алалы. Акчага , курулай убадага алданбай терең ойлонуп Кудайдан корккон адамды шайлап алалы.
27.01.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сайдыкы сайга кумдуку кумга синип кетип жатат да
27.01.2017. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пиярчы болуп журобосун,же чын эле куйутунон суйлоп жатабы.
27.01.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге чиновниктердин байлыгы текшерилбейт.Союз маалында бирден ашык уй же машина алса а тугул малы кобойсо кайдан каражат таап жатканын текшерчу дешет.30 мин жегендер атууга кетишчу экен.Азыр миллиондорду ким жегенин тапай жатышат и тапайт.
27.01.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50 онуккон олкого киребиз анан элестет ))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: