ЖЫЛНААМА, 27-ЯНВАРЬ: 6 жыл мурун фармакологиянын өнүгүшүнө чоң салым кошуп, ракка каршы дары жасаган профессор Арстанбек Алтымышев көз жумган
Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылы 27-январда фармакологиянын өнүгүшүнө чоң салымын кошкон профессор, медицина илимдеринин доктору Арстанбек Алтымышев көз жумган. Ал 1930-жылы 5-майда Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында туулган. КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги, КРнын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери.
Кыргыз мамлекеттик медициналык институтту, Москвадагы Николай Пирогов атындагы окуу жайдын фармакология боюнча аспирантурасын аяктаган. Фармакологиянын өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн СССРдин Жогорку Советинин "Каарман эмгеги үчүн" медалы жана юбилейлик медалдары менен сыйланган. "Интеркосмос" программасына салым кошкондугу үчүн Сергей Королёвдун медалын алган. 1970-жылы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун каттоосунан өткөн ракка каршы "Ликорин" дарысы үчүн Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыган. Ал дарыны изилдөө үчүн 10 жылга жакын убакыт короткон. 1974-1976-жылдары А.Алтымышев иштеп чыккан "Арашан" бальзамы тарыхка космоско жөнөтүлгөн биринчи спирттик ичимдик катары кирген. 190 илимий эмгеги (14 монография, 20 ойлоп табуу) жарыяланган.
27-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Ошолорду текшерген комитет коз жуумп бере салышат,бергенин алып чай-пайын ичип...
Жаткан жериниз жайлуу болсун,сиздин замандаштарыныз,сиздей залкар медиктердин арасы суюлуп баратат,абдан окунучтуу...