super.kg logo

Бишкекте "ок атуучу курал менен тургунду бетке аткан" деген шек менен эки адам кармалды

 
Кылмышка шектүү А.З.
Кылмышка шектүү Ж.Б.

Бишкекте "ок атуучу курал менен тургунду бетке аткан" деген шек менен эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 1-январь күнү саат 05:00 чамасында Лев Толстой жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 20-25 жаштагы белгисиз адамдар Бишкек шаарынын С.Т. аттуу тургунун тапанча менен бетке атып, анын телефонун, унаасынын ачкычын жана айдоочулук күбөлүгүн алып кетишкен.

"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектелип Чүй облусунун 23 жаштагы тургундары А.З. жана Ж.Б. кармалды. Эки жаран тең мурда “каракчылык” беренеси менен соттолгон. Кармалгандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Азыркы тапта башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги иликтенүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.01.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурдакы жаза сабак болбоптурда буларга. Эми кобуроок камалышсын кучотулгон режимге.
27.01.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ок атуучу куралды каяктан алышат булар ? Же пневматиканы ок атуучу кылып жасашабы ?
27.01.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда ээн эркин жашай алабызбы деги,каякты карасан эле атып кетти бычактаптап кетти,тоноп кетти дешет тообо милициялар эмне мака(жугору) укалап олтурушабы?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: