Депутат кулаган Боингдеги жүк боюнча: "Цезардын аялы шектүү болуудан алыс болушу керек"

"Цезардын аялы шектүү болуудан алыс болушу керек", - деп бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров ("Бир бол") журналисттерге "Манас" аэропортунун жанындагы айылга кулап түшкөн Боингдеги жүк тууралуу пикирин айтты.
"Авиакырсыктын себептерин тиешелүү мекемелер иликтейт. Эгер өлкөбүздө аткезчиликке мүмкүнчүлүк болсо, биз аны тыйышыбыз керек. Биздин экономика абдан кичинекей. Эгер дүйнөлүк рейтингдердеги жогорку орундарда жайгашкыбыз келсе, талаптарга жооп беришибиз зарыл. Боингдеги жүк аткезчилик жүк болушу мүмкүн. Бизде 25 жыл аткезчилик болгон. Аткезчилер салык төлөшпөйт, бирок пайда табышат. Системди өзгөртүшүбүз кажет. Бардык Кыргыз жарандары түшүнүш керек: нан алдыңбы, арак алдыңбы, киреше таптыңбы - салык төлөшүң керек", - деген оюн айтты Жапаров.
Айта кетсек, 16-январда "Манас" Эл аралык аэропортунун жанында Боинг 747-400 учагы кырсыкка учураган. Учактын бортундагы 85,5 тонна жүктүн кимге таандык экенин иликтей турган депутаттык комиссия түзүлгөн. УКМК бүгүн учактагы жүктүн 1,9 тоннасы Кыргыз мамлекетине таандык болгонун билдирген.
Маалымат үчүн: "Цезардын аялы шектүү болуудан алыс болушу керек" деген сөз биздин заманга чейинки I кылымдагы Римдин императору Гай Юлий Цезарга таандык экени маалым. Бул сөздүн мааниси - жогорку кызматтагы адамдын жакындары өздөрүн шек келтирүүгө себеп жана негиз бербегендей алып жүрүшү керек.
Депутат жүк боюнча: "Цезардын аялы шектелбеш керек"


