Быйыл Ош шаарына 40 миңден ашуун дарак отургузулат
Ош шаарында Исхак Раззаков атындагы сейил багына ийне жалбырактуу бак-дарактар отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Быйыл Ош шаарында калааны көрктөндүрүү үчүн 50дөн ашуун долбоор менен иш жүргүзүлөт. 2017-жылы 40 миң декоративдүү дарак, 2 миң түп ийне жалбырактуу, 2 миң түп жазы жалбырактуу дарактарды отургузуу пландалууда. Мындан сырткары 36 миң түп бадал отургузулат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бак-дарактарды тигүү иш-чарасына Оштогу Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери, мекеме-ишканалар жана мэриянын өкүлдөрү, ошондой эле журналисттер катышкан.
басма сөз кызматы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















