super.kg logo
  Спорт  

Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы супер чемпиондук наамды талашуу үчүн беттештердин тизмесин жарыялады

 

Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы оор салмакта супер чемпиондук наамды талашуу үчүн беттештердин тизмесин аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, супер чемпиондук наам үчүн болгон беттеште украиналык оор салмактагы мушкер Владимир Кличко англиялык бокс чебери Энтони Жошуа менен рингге чыгат. Бул беттеш 29-апрелде Лондондун "Уэмбли" спорт аянтында орун алат.

Ал эми АКШнын оор салмактагы белгилүү спортчусу Фрес Окендо жердеши Шеннон Бриггс менен беттешет. Мушкерлердин кайда, качан беттешүүсүн макулдашууга 30 күн убакыт берилген. Азырынча ринг аянтына чыгуучу мушкерлердин беттеши кайсы убакытта өтөрү белгисиз.

Владимир Кличко менен Энтони Жошуа беттешинде жеңип чыккан мушкер кубалык Луис Ортис менен кез келет. Ал эми Фрес Окендо менен Шеннон Бриггстин беттешинен уткан спортчу орусиялык Александр Устинов менен күч сынашмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.01.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Россиянин Александр Устинов 2005-жылы Президенттин кубогуна арналган Кикбоксингде финалда маркум Руслан Абасов менен беттешкен. Жыйынтыгында упай менен Абасов женуучу деп табылган.
27.01.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кличко карып калды го
28.01.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кличко утсун дейбиз!
28.01.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кличко утат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: