super.kg logo
  Саясат  

Министрди жумуртка менен урган Андрей Цукановду Казакстандын мусулмандар биримдиги “Жылдын адамы” атады

 

26-апрелде маалымат жыйын учурунда Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министри Серик Абденовду аталган өлкөдөгү “Казакстан коммунисттери” кыймылынын лидери Андрей Цуканов жумуртка менен уруп жиберген. Окуядан көп өтпөй Цукановду Казакстандагы мусулмандар биримдиги “Жылдын адамы” атады. Мындан сырткары Цукановдун ысымын Алматыдагы акимиаттардын бирине берүү жана шаардагы Фурманов атындагы көчөнү Андрей Цукановдун ысымына өзгөртүүнү сунуштоодо аталган биримдик.  

 

Муну менен катар "Цуканов Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министри болсун" деген талап жазылган кат өлкө президенти Нурсултан Назарбаевге жөнөтүлгөнү белгилүү болду. Казакстандык ММКлар билдиргендей, аталган өлкөнүн тарыхында мамлекеттик ишмерлердин өлкө кызыкчылыгы үчүн мындай ишке барган учуру болгон эмес. Цуканов министрди жумуртка менен уруп жатып "Алматыдан салам! Өлкөнү шылдың кылбагыла" деп кыйкырган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: