Индиянын Пакистан менен чектешкен аймагында кар көчкү жүрүп, 19 адам каза болду

26-январга караган түнү Индиянын Жамму жана Кашмир штатында кар көчкү жүрүп, адам өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан Индиянын 15 жоокери жана 4 жай тургун көз жумган. Алардын экөө жаш бала экени анык болду. Бир канча кыштак электр жарыгы жок калган. Аталган аймактарда кар көчкү коркунучу жуманын аягына чейин сакталышы мүмкүн.
Эске салсак, 2012-жылы дагы аталган жерде кар көчкү жүрүп, Пакистандын 129 чек арачысы каза болгон. Ал жерде Пакистан менен Индиянын чек арасы орун алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
kanyshai_2011

27.01.2017. 20:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Индияда кар жаабайт дечу беле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.