Кара-Кулжа районунда өспүрүм кыз көз жарды
Кара-Кулжа районунда "жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болуу" фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Маалыматка караганда, 23-январь күнү саат 20:50 чамасында Кара-Кулжа РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө 2000-жылы туулган А.А. аттуу кыздын көз жарганы айтылган. Анын негизинде ыкчам тергөө тобу барып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөн.
"Кыздын айтымы боюнча, 2016-жылы Ош шаарында 1997-жылы туулган Ы.У. аттуу бала менен таанышып, экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Кийин өз каалоосу менен жыныстык катнашта болуп жүргөнүн билдирген. Ал эми 2016-жылдын 10-ноябрь күнү баш кошушуп, үйлөнүү тою өткөн", - дейт Ашырбаев.
Ошондой эле Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалганын жана аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) менен кылмыш иши козголгон.


Канчалык мыйзам катуу иштеп жаткан ченде деле кыз озу макул болуп турса эмне кыла аласынар ыкчам тергоо кызматы?
Мейли да, бактылуу болгула, Баланардын омурун берсин, турмуштун дангыр жолун бирге, чогуу, ынтымакта баскыла демекчимин!