Алмазбек Атамбаев Индиянын Кыргыз жериндеги элчисин кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев 28-январда Индиянын Кыргыз жериндеги элчиси Жаянт Кхобрагадени кабыл алды. Элчинин дипломатиялык миссиясы аяктаганы айтылды. Президент элчи жемиштүү иштегенин белгилеп, ал элчи болуп турганда Кыргыз-Индия кызматташтыгы жаңы баскычка чыкканын айтты. Элчинин мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалап, Индиянын президенти менен премьер-министрине салам жолдоду. Маалыматты бүгүн президенттик аппараттан билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

