Ысык-Көл облусунун башчысы салык жыйноодогу кемчилиги үчүн акимдерди сындады
Ысык-Көл облусунун башчысы Аскат Акибаев облуста 2016-жылы салык жыйноо төмөн болгону үчүн акимдерди, мэрлерди сынга алды. Ал Ысык-Көлдү өнүктүрүү дирекциясы иштеген акыркы 7 жылда "Кумтөр" ишканасы дирекцияга 3 миллиард сомго жакын акча которгонун белгилеп, бирок бул каражат облусту өнүктүрүүгө эмес, кыска мөөнөттүү социалдык программаларды колдоого жумшалганын айтты. Бул программалар элдин жашоосун жакшыртууда эффективдүү болбогонун билдирди. Мэрлер, акимдер, айыл аймак башчылары аталган дирекциянын колун карап, арык казууга да ушул мекемеден акча суроо адатка айланганын белгилеген Акибаев облуска киреше табуучу ишканаларды куруу зарылдыгын кошумчалайт. Маалыматты 28-январда облустук администрациядан кабарлашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

