super.kg logo

Өкмөт: Февралда бензин арзандайт

 

Кыргыз Республикасында февралда күйүүчү майдын баасы арзандашы күтүлүүдө. Маалыматты өкмөт бүгүн, 30-январда таратты.

Казакстандын аймагы аркылуу поезд менен Орусиядан Кыргыз жерине ташылчу товарлар боюнча тарифтер ылдыйлаганына байланыштуу күйүүчү майдын баасы 2-2,5 сомго арзандашы күтүлүп жатат. Соңку 3 айда Орусиянын мунай заводдорунда баа кымбаттаганынан улам Кыргыз жеринде да баа өскөнү айтылды. Кыргыз мамлекетинде бензин жана дизель майынын баасы 11 пайызга өскөн. 2016-жылдын октябрынан 2017-жылдын январына чейин Орусиядан күйүүчү майларды дүңүнөн сатып алуунун баасы 10 пайыздан 18 пайызга чейин жогорулаган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун билдиришинче, 2017-жылкы жазгы талаа иштерине 100 миң тонна дизель майы, 26 миң тонна бензин жумшалары каралууда. Премьер күйүүчү майлардын баасынын кескин көтөрүлүп кетишин болтурбоо үчүн тийиштүү органдарга тапшырма бергени айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкектеги автоунаага май куюучу жайларда 30-январга карата баалар мындай:

АИ-98 - 45 сом 00 тыйын;

АИ-95 - 42 сом 00 тыйын;

АИ-92 - 39 сом 50 тыйын;

АИ-80 - 35 сом 00 тыйын;
Дизель майы - 36 сом 50 тыйын;
Дизель майы (кышкы) - 41 сом 50 тыйын;
Автоунаа газы - 23 сом 00 тыйын.
Автоунаага май куюучу айрым жайларда баалар салыштырмалуу төмөн. Мисалы:

АИ-95 - 41 сом 00 тыйын;

АИ-92 - 39 сом 00 тыйын;

АИ-80 - 34 сом 30 тыйын;
Дизель майы - 35 сом 70 тыйын.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
30.01.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arzadtsa jakshy bolot okumotko raxmat
30.01.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арзандаса экен 42ден куйдум эле акыркы жолу 95 Газпромдон ото эле кымбат но айла жок 39 40 болсо кичине..
30.01.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
92-и 35 сом болсо туура эле болот эле.
30.01.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин чондор качан бензиндин баасын жонго салат? Казакстан АИ 92 бензини 28сомдон болтат. Мен дайым эле ошол жактан 20л алып чыгып куюп журом. Эх качан онолобуз ээ? Жок дегенде 30сом болсо кана?
30.01.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Газпромдун бензини сапатсыз
30.01.2017. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нефти продукция бул бизнес чондор ортодо ортомчу (перекупщик) элге кымбат сатат эгер биро келип арзан сатса ошоле чондор басып коющат так что колунардан эркекче айтам эч нерсе келбейт!
30.01.2017. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоо жакындап калдыыыы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: