super.kg logo

Мектептерде окуучуларды сабактан чыгарып жиберүүгө, сабак учурунда иштетүүгө тыюу салынды

 

Мектеп директорлоруна окуучуларды уруксатсыз сабактан коё берүүгө, мугалимдерге сабак учурунда окуучуларды кароосуз калтырууга тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-январда билдирди.

Аталган министрлик окуучуларды тарбиялоо иштерин күчөтүү жана ата-энелер менен тыгыз иштешүү максатында жаңы ыкма иштеп чыкканы белгилүү болду.

Ага ылайык, директорлорго ата-энелер менен балдардын үйдөн тышкары кеч жүрүүсүндөгү жоопкерчилиги тууралуу жыйналыштарды өткөрүүгө, ошондой эле ата-энелер комитети менен биргеликте класстан тышкары окуучулар менен иштешүүнү күчтөнтүү тапшырмасы берилди.

"Мектептерде сабак учурунда окуучуларды мектеп боюнча же ашканадагы жумуштарга, мектеп аймагын тазалоого, билим берүүчү уюмдун окуу планынан тышкары иш-чараларга катыштырууга тыюу салынды. Эгер окуучу медициналык жардамга же анын абалы башка дагы иш-аракетке муктаж болсо, классты жооптуу администраторго таштаса болот. Эгер мугалимдин катыштыгы зарыл болбосо, окуучу жооптуу администраторго тиешелүү иш-аракетти көрүүгө өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары сабакка кечиксе же мектеп формасы жок болсо, окуучуну сабакка киргизбей коюу негизсиз жана окуучуну сабактан чыгарууга тыюу салынган. Маалыматка ылайык, окутуу жана тарбия берүү процессинде баланын кызыкчылыгы камсыздалып, мыйзамдуулук, демократиялык принциптерге негизделиши керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
30.01.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кечиккен, формасы жок окуучуларга чара көргөнгө укугу жок болсо, директордун башына чыгып кетпейби окуучулар
30.01.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мугалимдерди ансыз деле тоготпойт
30.01.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azyr okuuchular bash berishpetgo mugalimderge
30.01.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы мыйзамдар, эрежелер ж.б. кирип эле жатат. Ишке ашканын корбодум. Чиркин мугалим мектепте сурот эле эми эстелик болот экенбиз да. Кайран кесип кор болду. Башка иштер жайына коюулганбы билим беруу тармагында. Мугалимдерге стимул ж.б.толоп эле жатасынар бирок эч озгору жок. Акчалар текке кетип жатат.
saat1200 түзөттү 2017-01-30 12:19:38
30.01.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттестация жакшы башталбай калды. Паракорчулуктун дагы бир бутагы баштала жаздады. Баары эле акча берип отобуз деп алам уруп калды эле. Мамлекет аракет кылып айлык которуп китеп чыгарып иштерди жасап жатат. Эч билим сапат которулбой жатат.
30.01.2017. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуучуларыбызды эркелетип жибербедикби?
30.01.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ аны айтасынар откондо колдо бир окуя болду. он бирдин балдары ондун балдарын сабап налог сала берет ондун балдары тажап чогулуп сабайлы деп чечишет аны он бирдин балдары угуп калып класста сабак отуп жатканына карабай кирип келишип ондун балдарын сабашыптыр агайлары келип ажыратса ары жагында мушташыптыр бул эмне деген мектеп эмейле школа бой без правил болуп калгангоо деп калдым
30.01.2017. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларда ой жокко, мектепке болунгон штаттарды кыскартып жатат, техника, уборщицаларды. Анысы аз келгенсип окуучуларды иштетпеш керек дейт, анда эмне директор мугалимдер менен кочо тазалап субботник жасашат экен да, анда окуучуларды ким карайт. ХХХ мугалимдин абройун которбой эле, окуучулар менен ата энелерге тебелетет экен да. Алдындагы окуучуга пол жуудурбаса, полду да мугалимдер жууп калабы.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-31 08:57:31
01.02.2017. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалимдер и так сабак отушпойт кээде баш багып калсан учительскаяда чогулуп алышып товар коруп отурушкан болот класста окуучулары болсо бири бирин жеп салсада карашпайт физкультура деген сабакты откон мугалимди коро элекмин айыл жерлеринде , физкультурада да класста отурушат балдар ызычууу болуп
01.02.2017. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына россияда хоть шорты кийип кел, хоть боенуп кел ,бирок сабакты ушунча отушот охрана, ашканасы ичинде сменный бут кийим кийишет, физкультура сабагында спортивная одежда менен спортзалда кышкысын лыжа тебишип сыртта мына сабак отот деп ушуну айтыш керек
01.02.2017. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин КРда болсо мугалимдерибиз аман эле болушсун, сабактын кобун директор алып алган директор омуру сабак отплйт, биркуну районодо биркуну акимчиликте дагыбиркуну облонодо деп сабак отпойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: