Алмазбек Атамбаевге Токтогул ГЭСин жаңылоо жөнүндө маалымат берилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-январда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев менен жолугуп, өлкөнүн энергетика системинин иши тууралуу маалымат укту. Калиев президентке жылуулук берүү сезонунун жүрүшү, Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо, Токтогул ГЭСин жаңылоого даярдык көрүү иши жөнүндө айтып берди. Президенттик аппараттын билдиришинче, өлкөдө ГЭС курууга инвестиция тартуу жаатында жасалып жаткан аракеттер тууралуу да жолугушууда сөз болду.
Алмазбек Атамбаев элди жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоо зарылдыгын белгилеп, энергетика тармагына инвестиция тартуу боюнча ишти жандантуу тапшырмасын бергени айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

