Кышкы Универсиада: Жекелик лыжа жарышында Кундуз Абдыкадырова 62-орунда, Тариэл Жаркымбаев 87-орунда келди

Алматы шаарында өтүп жаткан Кышкы Универсиадада 5 чакырымдык лыжа тебүү боюнча кыздар арасында жеке жарышта Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Кундуз Абдыкадырова 62-орунду ээледи. Эркектер арасында 10 чакырымдык жарышка Тариэл Жаркымбаев катышып, 87-орунда келди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалым болгондой, кыздар арасында орус спортчусу Лилия Васильева 1-орунду камсыздап, алтын медаль тагынды. Күмүш медалды орусиялык Анна Ничаевская, коло байгени казак спортчусу Анна Шевченко жеңди. Эркектер арасындагы жарышты Валерий Гонтар (Орусия) жеңсе, 2-орунду
Дмитрий Ростовцев (Орусия), коло байгени Александре Пуйе (Франция) утуп алды.
Белгилей кетсек, кыздар арасындагы жеке жарышка жалпы 64 спортчу катышса, эркектер арасындагы 10 чакырымдык жарышка 88 спортчу түшкөн.

Spotculardy
Сразу эле медалга жетпей