super.kg logo
  Саясат  

ЖКда Маймак темир жол бекетиндеги кырдаал боюнча өкмөткө тапшырма берилди

 
 14-ноябрда ЖКнын депутаттары Талас облусунун Маймак темир жол бекетинде түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Ошондой эле бул маселе боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана КРнын Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов маалымат берди. Депутат Дастан Жумабеков "учурда таластык дыйкандардын 60 вагон кызылчасы Казакстанда кармалып турат. Элдер Казакстандын элинин алдында митингге чыгышып, эми көйгөй чечилбесе темир жолго 3 машина таш төгүп, жолду тособуз деп жатышат" деди. Ал эми Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун айтымында, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы тиешелүү келишимдердеги өткөрүү пункттарынын тизмесинде Маймак темир жол бекети жок. Инфраструктурасы жоктугуна, өткөрүү пункттарына ылайык талаптарга жооп бербестигине байланыштуу бекетти ачуу боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес. Бирок казак бажычылары уруксат берип, кант кызычылчалары Маймак аркылуу өткөрүлүп баратканда Тараздан Кыргызстандан бараткан вагондордон 34 тонна окорачка аткезчилиги казак бажычылары тарабынан кармалган. Ал эми 29 тонна кант кызылчасы учурда Казакстандын Жамбыл шаарында кармалып турат. Соңунда бул өзгөчө кырдаал боюнча ЖКнын токтому кабыл алынды. Анда мындай кырдаалга жол берген тиешелүү мекеме жетекчилеринин жекече жоопкерчилигин кароо, Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тездетүү тапшырмалары өкмөткө тапшырылды. Көрүлгөн чаралар боюнча Жогорку Кеңешке 24-ноябрга чейин маалымдоо талабы белгиленди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: