Арзыбек Кожошев: "2016-жылы тышкы инвестиция 7 пайызга өстү"
2016-жылы социалдык-экономикалык өнүгүү планы толугу менен аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда өкмөттүн жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Айтымында, 2016-жылдын башында экономикалык кыйынчылыктар кездешти. "Мындай кыйынчылыкка карабастан, өлкөнүн экономикасы жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Албетте, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда бизнес тармагында кыйынчылыктар болду. Бирок бул иштердин үстүнөн өкмөт иштеп чыкты. Тышкы инвестиция 7 пайызга, ички инвестиция 1, 5 пайызга өстү", - деди министр.
Белгилей кетсек, өкмөттө өлкөнүн 2016-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы талкууланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.