Борбордо кол күрөш боюнча өлкө чемпиондугу болуп өттү
28-апрель күнү Бишкекте кол күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондугу болуп өттү. Аталган спорт түрүнүн федерациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, айымдар арасында өткөн беттештерде 60 килограммдык салмакта 1-орунду Наталья Лукьянова алса, 60 килограммдан жогорку баскычта Ольга Ярославцева жеңүүчү болду. Ал эми эркектер арасында 60 килограммдык салмакта Нуржан Качкынов 1-орунга татыктуу болсо, 70 килограммдык салмакта Чыңгыз Мамакеев, 80 килограммдык салмакта Константин Клейнер, 90 килограммдык салмакта Мирлан Байчериков, 90 килограммдан жогору салмактагылар арасында Евгений Лукьянов жеңүүчү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Merkitec

29.04.2013. 16:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Армрэстлингке кызыгуу жаралды, жаштарды ушу спортко үндөгөнү эң жакшы нерсе деп айтсак туура болот. Ийгилик каалайбыз жеңүүчүлөргө, дүнйөнү багынткыла Армрэстлинг боюнча. :-)
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.