super.kg logo

Депутаттар жүрөгү ооруган карыларды ооруканага жаткыруу көйгөй экенин айтышты

 

Кыргыз жеринде "Тез жардам" кызматынын улгайган бейтаптарга жардамга барбай койгон учурлары көп. Бул тууралуу 30-январда депутат Наталья Никитенко билдирип, медициналык тейлөөнүн абалы оор экенин айтты. Депутат 103 номуруна чалганда диспетчер бейтаптын жашын сурап, көбүнчө жашы улууларга жардамга баруудан баш тартарын белгиледи. Кыргыз мыйзамдарында "улгайган адамдарга жардамга барбай коюуга болот" деп эч жерде жазылбаганын, жашы өткөн кишилерди бүгүнкү күндө кардиология бөлүмүнө жаткыруу мүмкүн болбой калганын кошумчалады.

Депутат Аида Исмаилова эркинен ажыратылгандардын катарында улгайган курактагылардын эсебин тактап, алардын пенсиялары өздөрүнө жетер-жетпесине кызыкты.

“Геронтологиялык кызмат - медициналык, психологиялык, укуктук жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү ишинин негизги багытын аныктаган уюм" деп мыйзамда көрсөтүлүп турганы менен, бул аты бар, бирок заты жок түшүнүк болууда”, - деген оюн айтты депутат Альфия Самигуллина.

Депутат Рыскелди Момбеков ар бир пенсионерге Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан каралган каражат күнүнө бөлө келгенде 42 тыйындан айланарын эсептеп, ал эми Ички иштер министрлигиндеги кинологдордун овчаркаларына (кызматтык максатта колдонула турган ит жаныбарларынын өзгөчө түрүнө) каралган каражаттын 100 сомдон айланарын айтып кабатырланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.01.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кардиология эмес дегеле больницага алыштары кыйын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: