Депутат нааразы. "Азыр Чыңгыз Айтматовду куудул деп ойлоп жүргөн жаштар бар"
"Азыркы жаштар Чыңгыз Айтматов ким болгонун билишпейт. Сурасаң "куудул болгон" деп жооп беришет", - деп бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда депутат Рыскелди Момбеков интернеттеги социалдык тармактарга таянып билдирди.
"Тилекке каршы, жаштар азыр китеп окубай калышкан, интернеттен күнү-түнү чыкпай ар нерселерди көрүшөт. Мындай жаштар келечекте ким болот? Ошондуктан китепканалар үчүн өкмөт акча таап, бөлүп бериш керек", - деди Момбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

