super.kg logo
  Саясат  

Депутат Шыкмаматов: "Банктар күрөөгө коюлган мүлктүн наркын такай төмөндөтүп көрсөтүшөт"

 

Банктар күрөөгө коюлган мүлктүн наркын такай төмөндөтүп көрсөтүшөт. Бул тууралуу менчик укугун коргоо максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун демилгечилеринин бири депутат Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти боюнча комитетинин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан парламенттик угуунун жүрүшүндө билдирди.

"Кезинде кадимки эле Алексей Елисеев ЦАРИИнин жетекчилеринин бири болуп турганда Жарандык кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдүн автору болгон. Ага ылайык, банктар күрөөгө коюлган мүлктү соттук териштирүүсүз эле алып коюшчу. Бирок ипотека менен күрөө өз табияттары боюнча кыйла айырмаланып турат. Насыя берүүдөн мурда, банктар күрөөгө коюлчу мүлктү сотсуз эле алып коёру тууралуу келишим түзүшөт", - деди ал.

Баяндамачы 2009-жылга чейин Жарандык кодексте да, "Күрөө жөнүндө" мыйзамда да күрөөгө коюлган мүлктүн тагдыры сот тартибинде карала турганы жөнүндө жобо болгонун, кийин ал жоюлуп калганын айтты. "Анын үстүнө банктар күрөөгө коюлган мүлктүн наркын такай төмөндөтүп көрсөтүшөт. Демек, мүлк ээси өзүнө тийиштүү бөлүктөн мыйзамсыз ажырап калып жатпайбы. Калыстык болуш керек", - деп кошумчалады Шыкмаматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: