"Атам, апам жана мен – спорттук үй-бүлөбүз" аттуу эл аралык мелдеште кыргызстандык команда 2-орунду ээледи
26-апрелде Иранда өткөн “Атам, апам жана мен – спорттук үй-бүлөбүз” аттуу эл аралык мелдеште Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинен куралган команда 2-орунду ээледи. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Мелдеш Ирандагы КМШ өлкөлөрүнүн элчиликтеринин кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөсүнүн арасында өткөрүлдү. Аталган иш-чара достукту чыңдоо, биримдик жана сергек жашоону даңазалоо чакырыгынын алдында өттү.
Катышуучулар мелдеште спорттун “көзгө атар мерген”, “аркан тартыш”, “суу ташуучулар” сыяктуу 9 түрү боюнча күч сынашты. Финалда Кыргызстан, Беларусь жана Орусиянын командалары атаандашты. Ал эми 1-орунду орусиялык команда ээледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

