Өткөн суткада өлкөдө 3 өрт кырсыгы катталып, Панфилов районунда 400 түк чөп күйүп кетти
Өткөн суткада өлкөдө 3 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы үйлөрдүн биринде короосунан өрт чыккан. Натыйжада 400 түк чөп күйгөн.
Азыркы учурда өрттүн эмнеден улам чыкканы такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.