Эгемберди Эрматов Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды

Жогорку Кеңештин депутаты Эгемберди Эрматов КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 29-апрелде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Э.Эрматов кыргыз журтчулугуна акын катары да кеңири таанымал. Ал бир нече ыр жыйнактардын автору жана "КРнын Эл акыны" наамынын ээси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

