2016-жылы өлкөдө 97 социалдык объект курулду
2016-жылы өлкөдө 97 социалдык объект курулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы 92 социалдык объект куруу пландалган. 77 мектеп, 2 маданий объект, 4 медицина мекемеси, 1 бала бакча, 1 дене тарбия залы, 1 көпүрө, 1 ат майданы, 1 суу канализациясы курулган.
Ошондой эле "Жер-Үй" ишканасынын лицензиясын сатуудагы каражаттан 54 билим берүү объекти курулду. “Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 8, Жалал-Абад облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 6, Нарын облусунда 6, Ош облусунда 23, Талас облусунда 1 мектеп курулган", - деди Б.Абдиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.