super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 31-ЯНВАРЬ: 47 жыл мурун советтик окумуштуу, Ми үлгүсүндөгү тик учактардын конструктору Михаил Миль каза болгон

 

Мындан 47 жыл мурун, 1970-жылы 31-январда советтик окумуштуу, тик учактардын конструктору Михаил Миль 61 жашында көз жумган. Ал 1909-жылы 22-ноябрда Иркутск шаарында төрөлгөн. 12 жашында учактын үлгүсүн жасап, Томск шаарында өткөн сынакка катышып, жеңип алган. 1925-жылы Сибирь технологиялык институтуна тапшырган. Көп өтпөй Новосибирск шаарына көчүп барып иштеп, Дон политехникалык институтуна тапшырган. Окуусун бүтүргөн соң, 1931-жылы Борбордук аэрогидродинамикалык институтта иштеп калат. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, 1941-жылдан 1943-жылга чейин Билимбай аймагында согуш учактарын оңдоп-түзөп иштеген. 1951-жылы анын башчылыгы алдында 3 орундуу Ми-1 үлгүсүндөгү тик учак жасалган. Кийинки жылдары Милдин командасы Ми-2, -4, -6, -8, -10, -10К, В-12, -24 үлгүлөрүндөгү тик учактарды жасап чыгарган. 1964-жылдан тарта тик учактарды куруу боюнча башкы конструктор болуп эмгектенген. Анын ысымы Москвадагы тик учак ишканасына жана Орусиянын бир нече шаарларындагы көчөлөргө ыйгарылган.

31-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: