super.kg logo
  Саясат  

Айыл башчыларын шайлоо маселесин депутаттар 2 саат талкуулап, алардын ортосунда кайчы пикир жаралды

 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 31-январдагы отурумунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор боюнча мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Долбоорго ылайык, айыл өкмөттөрүн жергиликтүү кеңештердин депутаттары эмес, айылдын тургундары шайлашат.

Депутат Алтынай Өмүрбекова ("Республика-Ата Журт") бул демилге менен макул болорун айтты. "Айыл күчтүү болсо, мамлекет күчтүү болот. Айыл өкмөтүн эл шайлашы керек. Эл тандаганда мыктыларды тандашы керек. Ошондуктан айыл башчылыгына талапкерлерге талаптарды күчөтүү зарыл", - деди Өмүрбекова.

Депутат Исхак Масалиев ("Өнүгүү-Прогресс") аны менен макул болгон жок. "Айыл өкмөтүн жергиликтүү тургундар шайлашса, келечекте Ооганстанга айланып калуу коркунучу бар. Айылдар өз алдынча өлкө болуп калып, көз карандысыздыгын талап кылып башташы мүмкүн. Шайлоолорду токтотуш керек. Эки шайланган президент качып жүрөт. Айыл өкмөтү премьер-министрдин сунушу менен дайындалышы керек", - деди Масалиев.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбооруна добуш беришти. 5 "макул", 1 "каршы" добуш менен долбоор 1-окууда парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: