Кыргыз поезди Казакстандын аймагында кырсыкка кабылды
Бүгүн, 31-январда саат 09:14 чамасында Кыргыз өлкөсүнүн поезди Казакстандын аймагында кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Алдын ала алынган маалымат боюнча, Казакстан тарабынан көмүр жүктөлгөн Кыргыз өлкөсүнө таандык поезд (57 вагону менен) Бишкекти көздөй келе жаткан. Жамбыл облусунун Мерке айылында анын акыркы 6 вагону рельстен чыгып кеткен. Поезддин ичинде 4 Кыргыз жараны болгон. Жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Темир жол кызматы Казак Республикасынын Темир жол кызматы менен кырсыктын себептерин иликтөө иштерин алып барып жатканы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Окуп буткончо кыйналып кеттим. Жабыркаган жок Эле болсунчу