Кышкы Универсиада: Кундуз Абдыкадырова лыжа жарышында 62-орунда келди

Бүгүн Алматы шаарында өтүп жаткан Кышкы Универсиадада лыжа жарышынын кубалап жарышуу түрүнө түшкөн спортчу Кундуз Абдыкадырова 62-орунда келди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалым болгондой, 5 чакырымга болгон жарышка жалпы 62 спортчу катышкан. Жарыштын эрежесине ылайык, спортчулар стартка 30-январдагы жеке жарыштын жыйынтыгынын негизинде чыгышкан. Анда спортчубуз жарыштын лидеринен 4 мүнөт артта калган. Марага 27 мүнөт 28 секундада келген Кундуз Абдыкадырова 62-орунга татыды.
Алтын медалды орусиялык Анна Нечаевская тагынса, күмүш Лилия Васильевага (Орусия) буюруп, коло байгени үй ээси Анна Шевченко тагынды.
Кундуз Абдыкадырова эми дагы аралаш эстафетада 4-февралда күчүн сынайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Келбей калса эмне болмок марага