super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө ыйман, адеп, маданиятты өнүктүрүү үчүн кандай иштер жасалары айтылды (тизме)

 

Өкмөттө 31-январда Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Кыргыз жеринде 2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланган. Ага ылайык, өкмөткө бир катар иштер жүктөлгөнү айтылды. Алар:

  • Кыргыз Республикасынын элинин руханий жана адеп баалуулуктары менен алдынкы дүйнө таанымды айкалыштырган жаранды өстүрүүдө мамлекеттин жана коомдун күч-аракеттерин координациялоо.
  • Ар бир баланын таланты менен шык-жөндөмүн ачуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу системин түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандыруу.
  • Жүрүм-турум жана укуктук маданияттын, өз ара урмат-сыйдын, көмөктөшүүнүн жана жарандык тилектештиктин өрнөктөрүн жайылтуу.

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков быйылкы жылга карата 20 ашык иш-чара камтылган план долбоорун сунуштады. Жыйынтыгында планды каржылоо булактарын тактап, документти толуктап иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: