super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУПЕРСТАН: "Балам куса болуп жатат"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Балам куса болуп жатат" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Биз да эл катары үй салалы деп Москвага келгенбиз. Турмушка чыкканыма 3 жыл болду, бир балабыз бар. Баламды кайненеме таштадык. Кеткиче элестетип ыйлап жүрдүм. Кетип жаткандагыны айтпай эле коёюн. Абдан жаман экен. Жашы бир жарымда, жаңы гана тили чыгып келе жаткан. Кетеримди балам да сезди окшойт, "апа" деп бетимден өөп кетип жатты. Айлам жок кеттим. Эми байкушум түнү "апалап" издеп, уктабай чыгып жатат дейт. Видеочалуу менен сүйлөшсөм телефонду өөп коёт. Азыр жумуштан да баламды эстесем ыйлап жиберем".

"Мен да азыр сиздикиндей абалга туш болуп, сагынычым койнума батпай, ичимден эзилип жүргөн убагым. Менин кетеримди билгендей, кетериме 2-3 күн калганда түнү бекем кучактап уктап жатты. Болбосо кучактаганды жаман көрөт. Көкүрөктө сүтүм боюнча келдим, балам байкуш же апасы жок, же эмген сүтү жок кантти экен?.."

"Балаңызды өтө сагынып, эстеп ыйлабаңыз. Анткени бала куса болуп, ооруп калышы мүмкүн экен. Балаңыздын оорушун каалабайсыз да, чынбы? Андыктан белди бекем бууп, алаксыганга аракет кылыңыз".

"Сиздин абалыңыз азыркы убакта ар бир экинчи аялзатынын башында бар. Мен да жаңы Москвага келгенимде күндө ыйлаган күндөрүм болгон. Бирок келечекти ойлосом белди бекем бууп иштөөгө туура келген. Сиздин балаңыз го кайненеңизде калыптыр, мен үч баламды таежеме таштап келгенмин. Балдарымдын балалыгын көрбөдүм, тиричиликтин артынан жүрүп. Бир жарым жашар балам азыр 1-класска барып калды. Кантип чоңойгонун көргөн жокмун. Өкүнөм кээде, бирок алардын келечегин ойлосом, кайра кайраттана түшөм да, күчүмө күч кошулат".

"Бала менен эненин ортосунда кандайдыр бир сезим бар. Ошондуктан сиз баланы канча ойлоп ыйлаган сайын бала да кыйналып, эстеп куса болот, ойлонбош керек. Сиз кайненеңизге ишенип таштап келдиңиз да, туурабы? Кайненеңиз кантип эркелеткендерин эстеп өзүңүздү тынчтандырыңыз".

"Мен да баламды бир жарым жашында таштадым. Оңой болгон жок. Балам кыйналды, мен да кыйналдым, оорудум. 3кө чыкканда бардым. Тааныбайт, ээрчиген да жок. Жаш болсок да энебиз! Балабыз өзүбүз менен чоңойсо, апакелеп аркабыздан чуркаса, жыттагылап кучактаса, ошол балам үчүн маанилүү болсом экен дейбиз. Мен да балам кечинде мени менен жатса экен деп айта албасам да, ичимден тилечүмүн. Бул чоң энесинен баланы талашуу эмес, жөн гана мурунку мага болгон сүйүүгө толгон көздөрүн табуу болчу, үмүт болчу. Бирок кайненемдин абалын ойлобопмун, көрсө..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
31.01.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уффффффффффф жүрөгүм ооруп кетти ыйлаттынар го мен да араң жүрөм баламды сагынып эстесем учуп эле кетким келет айла жок гор тиргилик бутттан колдон тушап артка тартат Кыргызстан онолсо ушинтип корунгон жакта тентип кор болбойт элек балдарыбыздын кусалыктан көзүнө жаш толгон көздөрүн эненин мээримине зар болгон сагынычын кантип ким ордун ким толтуруп берет
Bubu88 түзөттү 2017-01-31 17:09:10
31.01.2017. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тиричиликтин айынан коп адамдар чет олкодо боорум ооруйт азыркы жаш наристе балдардын копчулугу энесинин мээримин корбой чоноюда
01.02.2017. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы замандын талабы ушундай...эне баланы бала ата-эненин мээримин корбой чонойууда..мен да 2 баламды 6 айга таштаным эсимде чонэнесине, бир жаштан,бир жарым жашка чейин бирок,андан беери чогуумун таштай албай койдум азыр 10 жыл отуптур санасам кудайга шугур...эч качан эне бала ажырабасын..
01.02.2017. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин балдарым атасына куса болууда, күнүгө сурай беришет, "Атам качан келет" -деп. Мен да чет жакка чыгып иштеп келсембии деп кайра балдарымды таштай албайт экенимди билем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: