АФК Кубогунун тандап алуу оюнунда "Дордой" Ош шаарында Түркмөнстандын "Балкан" командасы менен 1:1 эсебинде тең чыкты







Бүгүн, 31-январда Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо "Дордой" АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында “Балкан” командасы менен кез келип, 1:1 эсебинде тең чыкты.
Оюн эсебин коноктор 70-мүнөттө ачып, “Балкандын” коргоочусу Нуртаган Маммедалыев айырмаланды. Эсепти 78-мүнөттө “Дордойдун” чабуулчусу Алишер Азизов теңеди.
"Балкан" командасы менен жооптук беттеш 7-февралда Балканабад шаарында өтөт. Бул оюндун жеңүүчүсү "Хосилот"-"Шахин Асмаи" беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт. Уткан команда Азия футбол Кубогунун тайпалык этабына жолдомо алат.
маалымат кызматы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Акжол селерге
оюнга күбө болдум бирок начар дордой начар
Кечеги оюнга келсек жакшы эле оюн болду жеңилбеседа тең чыкканына шугур, кийинки беттеште ийгилик коштосун.