Өткөн суткада 9 өрт кырсыгы катталып, Тоң районунда 11 тонна жыйылган чөп күйүп кетти
Өткөн суткада 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Кечээ, 31-январда Тоң районуна караштуу Туура-Суу айылынын Алматай көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Натыйжада короодогу 11 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн чыгышына балдардын от менен ойногону себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.