Зоотбай Добаев: "Келдибеков унаасы менен Бекназаровду ЖКнын короосуна мыйзамсыз киргизген"
“23-апрелде же оппозициянын Бишкектеги митингине 1 күн калганда митингге чыккан эл Жогорку Кеңешке кирип, жыйындын жүрүшүнө тоскоолдук кыла тургандыгы жөнүндө маалымат түшкөн”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 29-апрелде ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында УКМКнын 9-башкармалыгынын башчысы Зоотбай Добаев билдирди.
“Аскер адамдары жетекчиликке баш иебиз. Биз болгону аткаруучубуз. Ак үйгө киргизүү режимин күчөтүү боюнча маселени спикер жана аппараттын жетекчиси менен бирге чечкенбиз”,- деди ал. Ошондой эле Добаев депутат Ахматбек Келдибеков унаасы менен Азимбек Бекназаровду мыйзамсыз түрдө Ак үйдүн аймагына алып киргендигин белгиледи. “Андан соң Бекназаровду имаратка киргизбөөгө туура келди”,- деп кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















