Кыргыз өлкөсүндө орто эсеп менен эркектер 69 жашка чейин, аялдар 76 жашка чейин жашашат
Кыргыз өлкөсүндө эркектердин орто эсеп менен жашоо мөөнөтү 69 жашты, аялдардыкы 76 жашты түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө аялдар 58 жашында, эркектер 63 жашында пенсияга чыгышат. 245 миң пенсионер жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимумунан төмөн пенсия алат.
Депутат Мирлан Жээнчороев эркектердин көбү пенсияга чыккандан кийин бир аз эле жашай турганын айтты. "Бул маселе боюнча өнүккөн мамлекеттердин стратегиясын мисал катары алышыбыз керек", - деп сунуштады депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-11-10
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















койбойсунарбы.Деги эле эркектер
аялдарынан мурда эле кеткени
дурус кор болбой.