№19-түзөтүү абагында тинтүү болуп, 1,5 литр спирт ичимдиги жана колдонууга тыюу салынган буюмдар табылды
Кечээ, 28-апрелде Чүй облусундагы №19-түзөтүү абагында Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы тарабынан тинтүү иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын максаты - камалгандардан тыюу салынган буюмдарды алуу болуп саналды. Маалыматка ылайык, тинтүү жүргүзүү үчүн борбордук аппараттын кызматкерлери тартылган. Анда камакта отургандардан 1518 сом акча, 61 даана уюлдук телефон, 1,5 литр спирт ичимдиктери жана башка колдонууга тыюу салынган буюмдар табылган. Учурда аталган маалыматтар боюнча кызматтык текшерүүлөр жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.